Октябрь (Араван району)
Октябрь — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районундагы кыштак. С. Юсупов атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 790 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 3 км Түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.
Read article